Жаңылыктар
Италия - Европа чемпиону
Спорт
Италия - Европа чемпиону

Италиянын футбол боюнча курама командасы Европа чемпионатын жеңип алды.

Турнирдин финалдык беттеши 11-июлдан 12-июлга караган түнү Лондондо (Англия) өттү. Италия менен Англиянын курама командалары Уэмбли стадионунда беттешти.

Англия курама командасынын оюнчусу Люк Шоунун так соккусунан оюндун экинчи мүнөтүндө эсеп сандары ачылды. Бул гол Европа чемпионатынын финалдык беттешинде эң ылдам болду (1 мүнөт 57 секунд).

Италиялыктар көп чабуул жасап, 67-мүнөттө эсепти теңеди. Бурчтан көтөрүп берүүдөн кийин Леонардо Бонуччи гол киргизди.

Беттештин негизги убактысы жана кошумча 30 мүнөттүк оюн 1: 1 эсеби менен аяктады. Алтын медалдардын тагдыры пенальти сериясында чечилди.

Анда италиялыктар 3:2 эсебинде жеңишке жетти. Коноктордун дарбазачысы Джанлуиджи Доннарумма катары менен 2 топту тосуп алды.