Жаңылыктар
БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады
Шайлоо 2023
БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады

Шайлоо бюллетендерин кол менен эсептөөнүн негизинде Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун алдын ала жыйынтыктары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан жарыяланды.

Мурунку добуш берүүнүн жыйынтыктары массалык мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылгандыктан, шайлоо кайрадан өткөрүлдү. Ушул эле себеп менен Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештерге кайрадан шайлоо болуп өттү.

Борбор калаанын шаардык кеңешине 18 партия катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңештеги 45 мандат 7 пайыздык чектен өткөн партиялар алган добушуна жараша бөлүштүрүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын 24-июлдан кечиктирбей жарыялашы керек.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча шаардык кеңешке "Эмгек" - 18,24%, "Ата-Журт Кыргызстан" - 14,35%, "Ишеним" - 12,52%, "Ынтымак" - 10,8%, "Өнүгүү-Прогресс" - 8,12%дан ашык добуш менен, жана Социал-Демократтар - 8,09% добуш менен өттү.

Бишкек шаардык кеңешке жалпы 104 миң 684 киши же жалпы добуш берүүчүлөрдүн 24,53% добуш берди.