Жаңылыктар
Кувейтте рекорддук ысыктан унаалар эрий баштады
Дүйнө
Кувейтте рекорддук ысыктан унаалар эрий баштады

Кувейтте абанын рекорддук температурасын метеорологдор жарыялады. Arab Times гезити билдиргендей, акыркы эки күндүн ичинде өлкөнүн бир катар аймактарында абанын температурасы көлөкө жерде эле 53,5 градуска чейин көтөрүлгөн.

Аба ырайынын отчетторунда күндүн түз тийиши менен абанын ысышы эске алынбайт, бирок жергиликтүү автоунаа айдоочулардын айтымында, унаа салондорунда термометр 65-70 градуска чейин көтөрүлүп жатат.

Аномалдуу ысыктан улам, көлөкөнүн сыртында токтоп турган көптөгөн унаалар дөңгөлөктөрүнүн астындагы асфальт сыяктуу эле, эрий баштады.