Жаңылыктар
Пенсияны жогорулатуу чаралары көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Пенсияны жогорулатуу чаралары көрүлүүдө

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевди жана Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы пенсиялык камсыздоонун азыркы абалы, камсыздоо төгүмдөрүн, пенсияларды каржылоонун деңгээли, ошондой эле пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Соцфонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров 2016-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияларды көбөйтүүнүн механизмдери жөнүндө Президентке баяндап берди.Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин сөзү боюнча, жогорулатуунун натыйжасында өлкө боюнча пенсиялардын орточо көлөмү 5173 сомго, же болбосо 110,2 пайызга өсөт. Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, пенсиялык системаны реформалоо - бул чөйрөнү Социалдык фондго бардык төлөмдөрүн ак ниеттүүлүк менен төлөп жаткан жарандарга карата адилеттүү болуп, аларды татыктуу пенсия менен камсыз кылууга багытталышы зарыл.