Жаңылыктар
Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү

Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү. Ага жол берген «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Аталган Жарлык Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылды. Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү. 

Жарлык менен Коопсуздук кеңешинин курамына кеңештин Төрагасынын орун басарын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.