Жаңылыктар
Москвада кафе, бар жана ресторандарга кирүү үчүн атайын QR коддор талап кылынууда
Дүйнө
Москвада кафе, бар жана ресторандарга кирүү үчүн атайын QR коддор талап кылынууда

Мындай QR коддор бир гана эмделгендерге берилет. Башкача айтканда толук эмделгендерге, ошондой эле акыркы алты айда ковиддик инфекцияга чалдыккандарга берилет. Мындан тышкары, аны коронавирус тестинин терс натыйжасы менен алууга болот. Анын мөөнөтү 3 күн. Учурда коомдук тамактануу жайлар дагы деле сыртта ачык асман алдында кардарларын тейлөөсүн улантууда.

Мындай учурда Террасалар жана ресторандар ошондой эле кафелер кирешесинин 30% чейин жоготушат. Көчөдө столдор аз болгон жерлерде жоготуулар 60% га жетет. Көпчүлүк москвалыктар, ресторандарда мындай QR коддорун киргизилишин колдошот.

Алгач Москва бийлиги ресторандарда кардарларды QR коддорсуз тейлөөгө 12-июлга чейин уруксат берген. Андан кийин, коомдук тамактануу ишканаларынын өкүлдөрүнүн суранычы менен, бул мөөнөт 1-августка чейин узартылды. Бирок эмдөөнүн жай жүрүп жаткандыгын эске алганда, бул кафе-ресторандарды ишинин жүрүшүн мурунку калыбына алып келе алабы же жокпу азырынча белгисиз.

Россияда июнь айынан баштап күн сайын жаңы коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө. Бийлик буга Индиянын штаммынын жайылышын жана калктын жай эмдөөлөрүн негиз келтирүүдө.негиз келтирүүдө.