Жаңылыктар
Хабиб Нурмагомедовдун лигасынын турнири Чолпон-Атада өтөт
Спорт
Хабиб Нурмагомедовдун лигасынын турнири Чолпон-Атада өтөт

UFC уюмунун жеңил салмак категориясынын мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнири Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы борбордук ат майданда өтөт. Бул тууралуу EFC лигасы Facebook баракчасына жарыялады.

Маалыматта UFCнин мурдагы чемпиону жана EFC уюмунун негиздөөчүсү Хабиб Нурмагомедов мелдештин атайын коногу катары келери айтылат.Турнирдин башкы беттешинде лиганын учурдагы жарым жеңил салмак категориясынын чемпиону Руслан Яманбаев кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулуна каршы титулун коргойт. Мындан тышкары, аталган турнирде кыргызстандык мушкер Данияр Бабакулов көпкө созулган тыныгуудан кийин беттешке чыгат.Ошондой эле, EFC уюмунун мыкты мушкерлери Абдурахман Гитиновасов, Имам-Шапи Мухтаров жана башка көптөгөн аралаш уруш чеберлеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

Мелдеш 3-августта Чолпон-Ата шаарынын (Ысык-Көл облусу) ат майданында өткөрүлөт. Учурда турнирге билеттерди онлайн сатуу башталган.

Турнир бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга жана талаптарга ылайык өткөрүлөт. 

Кошумча маалымат алуу үчүн kassir.kg сайтынын билет операторлорунан билүүгө болот.

Телефондор: (0704) 144155, (0995) 144155