Жаңылыктар
Билим уялары 80 пайызга даяр болду
Билим
Билим уялары 80 пайызга даяр болду

Адистер быйыл Жалал-Абадда билим тармагында чоң жаңылануулар болуп жатканын белгилешет. Анткени облус аймагында 22 мектептин курулуш иштери башталып, 27 мектептин имараттары толугу менен капиталдык ремонттон өтүүдө. Азыркы тапта жаңы окуу жылына карата облус мектептеринде даярдыктар көрүлүп, билим уялары 80 пайызга даяр.

Облус аймагында 473 мектеп болсо, анын 412си утурумдук оңдоп түзөөдөн өткөн. Ал эми жаңы курулуп жаткан 22 мектептин үчөөсү быйылы жаңы окуу жылына пайдаланууга берилери күтүлүүдө. 

Быйыл сентябрь айында 1-класска 17 миң 453 бала тартылат. Бирок албетте облус аймагында авариялык абалдагы мектептер да жок эмес, алардын саны учурда 28ди түзөт.

Эгерде кызыктуу нерселерге күбө болсоңуздар - видео, сүрөттөрдү бизге жөнөтүңуздөр! 

WhatsApp/Viber  +996 551 748118