Жаңылыктар
Шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоого жалпы шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоого жалпы шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы катышты

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоого жалпы шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы  катышып добушун берди. Талапкерлер Бишкек менен Ош шаарларында 45 ал эми Токмокто 31 мандат үчүн катышып, жетиштүү  добуш топтогон партиялардын алдын ала тизмеси белгилүү болду. Адистер бул ирет да бир катар мыйзам бузуулар орун алганын айтышууда.

Үч шаардагы кайра шайлоого жалпы 617 миң 517 жаран шайлоо укугуна ээ болсо, кечки саат сегизге чейин 188 миң 396 адам катышып, көрсөткүч 30 пайыздан ашты. Мындай маалыматты Боршайком автоматтык добуш саноонун жыйынтыгына таянып билдирди. Бишкек шаарында 18, Токмокто 6, Ош шаардык кеңешке 8 саясий партия ат салышып 7 пайыздык босогодон өткөн партиялар утушка ээ болушту.
 
№1 Бишкек шаарында шайлоого 24,5 пайыз адам катышты. Добуштарды бөлө келгенде алдын ала маалыматка ылайык 6 партия озуп чыкты.
 
 “Эмгек” - 19 047 же 18,19 пайыз
 
 “Ата-Журт Кыргызстан” - 15 005 же 14,33 пайыз
 
 “Ишеним” - 13 039 же 12,46 пайыз
 
 “Ынтымак” - 11 176 же 10,77 пайыз
 
 “Өнүгүү-Прогресс” - 8490 же 8,11 пайыз
 
 “Социал-Демократтар” - 8462 же 8,08 пайыз добуш топтой алды.
 
№2 Ош шаарында жарандык милдетин аткарууга 43,6 пайыз адам катышкан. Бул калаада 4 партия утушка ээ болду.
 
 “Ата-Журт Кыргызстан” - 25 424 же 38,73 пайыз
 
 “Биздин Кыргызстан” - 21 048 же 32,06 пайыз
 
 “Улуттар биримдиги” - 10 076 же15,53 пайыз
 
 “Бир Бол” - 5627 же 8,57 пайыз добушка ээ болушту.
 
№3 Токмок шаарынын тургундары шайлоого жигердүү катышып көрсөткүч 44,5 пайызды түздү. Ат салышкан алты партиядан бешөө жетиштүү добуш жыйнай алды.
 
 “Бирге-Вместе” - 4798 же 28,27 пайыз
 
 “Эмгек” - 4213 же 24,82 пайыз
 
 “Асыл Мурас -Жаштар” - 2828 же 16,66 пайыз
 
 “Патриот Ынтымагы” - 2324 же 13,69 пайыз
 
 “Эл Биримдиги” - 2059 же 12,13 пайыз
 
Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү. Ички иштер министрлигине шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпы 67 маалымат катталган.
 
Эскерте кетсек, 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Жыйынтыгында үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. Боршайком бул ирет дагы одоно мыйзам бузган тараптардын жоопкерчилиги каралаарын билдирди.
 
26 партиядан 2200дөн ашык талапкер ат салышты. Мыйзамга ылайык, 24-июлга чейин шайлоонун жыйынтыгы чыгат. Боршайком азырынча алдын ала маалыматты жарыялады, эсеп, көрсөткүчтөр добуш саноонун акырына чейин өзгөрүшү мүмкүн.