Жаңылыктар
Сөз менен жеткире албаган ойду, театр сезимге орнотот
Маданият
Сөз менен жеткире албаган ойду, театр сезимге орнотот

Сөз менен жеткире албаган ойду, театр сезимге орнотот.  Мындай  ойду, үркүндүн 100 жылдыгына  карата коюлган, Бактыбек Максүтовдун  “Улуу  үркүн” трагедиясын көргөн театр сүйүүчүлөрү  билдирди. Автордун буга чейин үркүн жөнүндө  “Кызыл кыргын, кандуу кармаш, “Улуу көтөрүлүш” – аттуу чыгармалары орус жана  түрк тилдерине  которулган. 

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен сапарда болуп келген, “Өмүр көчү-100” автожүрүшүнүн  программасында  театрга баруу да белгиленген. 

Анткени Кара–Кол шаарында Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык драма театры  койгон “Улуу үркүн” трагедиясы көрүүчүлөрдү күтүп турган эле. Чыгарманы  койгон режиссёр, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Давлет Нургазиевдин айтымында, өткөн жылы алгач көрүүчүлөр сынына коюлган трагедиясы кайрадан иштелип чыккандан кийин бышып жетилди.