Жаңылыктар
Кыргыз телесинде 26 жылдан бери айдоочулук кызматты аркалаган Туратбек Дөөлөтбаев каза болду
УТРК жаңылыктары
Кыргыз телесинде 26 жылдан бери айдоочулук кызматты аркалаган Туратбек Дөөлөтбаев каза болду

КТРКнын Республикалык Радиотелеборборунун айдоочусу Туратбек Дөөлөтбаев узакка созулган оорудан улам көз жумду. 

Дөөлөтбаев Туратбек Мусурманкулович 1967-жылы 28-январда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Орто билим алып, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1997-жылы Чернобыль кырсыгын (Украинадагы Припять шаарына жакын жайгашкан АЭСтин 4-энергия блогунда болгон техникалык авария) жоюуга катышкан.

1995-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Республикалык радио теле борборуна 2-класстагы айдоочулук кызматка алынып, өмүрүнүн акырына чейин эмгектенди. Анын корпорациянын өнүгүшүнө кошкон салымы эске алынып 2003-жылы алкыш жарыяланган, 2018-жылы КТРК отличниги наамы ыйгарылган. 

Артында 1 уул, 1 кызы калды.
КТРК, РРТБ жамааты Туратбек Мусурманкуловичтин жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.