Жаңылыктар
Олимпиада оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом сый акы берилет
Спорт
Олимпиада оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом сый акы берилет

Кыргызстандык спортчулар Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарында алтын медаль алса, 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло медалга беш миллион сом сый акы берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов 13-июлда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы менен жолукканда айтты. 

Ал эми башкы машыктыруучуларына спортчулардын ийгилигине жараша каражат берилет. Андан тышкары медицина кызматкерлерине да акча каралган. Улукбек Марипов Олимп оюндарында Кыргызстандын курама командасынын капитаны грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековго Кыргызстандын желегин тапшырды.

Жайкы Олимпиадага 18 кыргызстандык спортчу жолдомо алган. Эл аралык беттешке Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Узур Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов, Айаал Лазарев жана Нурсултан Кеңешбеков барат.

32-Жайкы Олимп оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтөт. Ага 200гө жакын улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү катышары күтүлүүдө.