Жаңылыктар
Кыргызстанда I Дүйнөлүк жаштар курултайы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда I Дүйнөлүк жаштар курултайы өтөт

Кыргызстанда алгачкы жолу I Дүйнөлүк жаштар  курултайы өтөт.  Аталган курултай  бүгүн  Бишкекте башталып,   андан кийин        Ысык-Көлдө  уланат.  Иш-чарага  18ж -35 жашка чейинки коомду өнүктүрүүгө өз салымын кошкон, өлкөнүн жети областынын жаштары катышат. Ошондой эле чет өлкөдө ийгиликке жетишкен жаштардын келиши күтүлүүдө. Курултайдын жүрүшүндө бизнес, спорт, илим, маданият багыттары боюнча талкуулар жүрөт.

I Дүйнөлүк жаштардын курултайын уюуштуруп жаткан “Kyrgyz  union” коому 2010-жылы Шанхайда түзүлгөн. Ошол убакыттан бери Кыргызстандагы  жетим балдар үйүнө, карылар үйүнө бир топ жардамдарды көрсөтүп келишет. Эми өлкөдөгү жаш активисттерди чогулутуп биргеликте мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн долбоорлорду ишке ашырууну пландаган курултайды өткөргөнү жатышат. I Дүйнөлүк жаштардын курултайы 11-августа башталып 15-августа жыйынтыкталат.

 Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам! 
WhatsApp +996551748118