Жаңылыктар
Сауд Арабиясы Кыргызстанга 500 миң доллар наркындагы гуманитардык жардам берди
Кыргызстан жаңылыктары
Сауд Арабиясы Кыргызстанга 500 миң доллар наркындагы гуманитардык жардам берди

Медициналык буюмдар жүктөлгөн алты оор жүк ташуучу унаада бет кап, кол кап, жеке коргонуу кийимдерин камтыган каражаттар бар. Булар өз кезегинде өлкө боюнча медициналык мекемелерге бөлүштүрүлүп берилет. 

Гуманитардык жүктү тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү катышты. 

Өз кезегинде Жылдыз Бакашова коронавируска каршы күрөшүүгө гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтып, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мындан ары да бекемделе берерин билдирди.