Жаңылыктар
Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын январь-июнь айларында 154 млрд сомду түздү
Экономика
Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын январь-июнь айларында 154 млрд сомду түздү

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын январь-июнь айларында 154 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 10,6 пайызга төмөндөдү, буга себеп фармацевтикалык продукциялар, негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарынын, ошондой эле химиялык продукциясынын кыскарышы таасирин тийгизди. 

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалды, анын көлөмү – 14,2 пайызга жакын төмөндөдү, ал эми айыл чарбасында, тескерисинче, көлөмдүн 1,3 пайызга, дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн 11 пайызга өсүүсү байкалды.