Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланды. Селде сууга агып кеткен эки бала табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жоголгон наристелерди издөө, селдин кесепетин жоюу иштери уланып жатканын кабарлады.
Аксыда 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү табылды жана алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Дайынсыз болуп жаткан беш жаштагы бала кошуна Жаңы-Жол айылынан болгон, калгандары Ак-Жол айылынан.
Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, табыгый кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырган. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарына туура келет.