Жаңылыктар
Олимпиада - 2016: Краковецкий 12-августта беттешке чыгат
Спорт
Олимпиада - 2016: Краковецкий 12-августта беттешке чыгат

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 31-жайкы Олимпиада оюндары учурда кызуу өтүүдө. Кыргызстандан барган 19 спортчунун алтоосу таймашка чыкты. 

Бүгүн кыргыз спортчулары мелдешке чыкпайт. Эртең 12-августта кечки саат жетиде дзюдочу Юрий Краковецкий Кыргызстандын намысын коргомокчу. Ал 100 килограмм салмактан жогоркулар арасында беттешет. Эртен ошондой эле, жеңил атлетчи Дарья Маслова 18:30да 10 миң аралыкка чуркоо боюнча катышат. Өлкө намысын коргой турган спортчуларга ийгилик каалайлы. Олимп оюндары 21-августка чейин уланмакчы. Эскерте кетсек, 31-жайкы Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча АКШ биринчиде бара жатат, экинчи Кытай болсо, үчүнчүдө Венгрия.


Эскерте кетсек, оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль алды. Ал эми, дзюдочу Отар Бестаев, мушкер Эркин Адылбек уулу, оор атлетчи Жаңыл Окоева жана сууда сүзүүчүлөр Дарья Таланова менен Денис Петрашовдорго ийгилик жылмайбай, мелдештен четтетилишти. Таймашка чыга элек дагы 13 кыргыз спортчубуз бар.