Жаңылыктар
Баткен шаарында таза суу көйгөйү курч
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен шаарында таза суу көйгөйү курч

Түзүлгөнүнө 20 жылдан ашса да Баткен шаарында таза суу көйгөйү курч. Буга чейин бир нече долбоорлор ишке ашып, элге пайдасы тийген эмес. 600дөн ашуун кожолук жашаган Булак-Башы кварталында эле негизги көчөсүнөн таза суу чыгат. Ал да 1 же 2 гана  түтүктөн берилип, сууга кезек күткөндөр көп. Өткөн кылымдын 60-жылдары курулган суу тутуму да эскирген. Мындан улам жер астындагы туздуу суу кошулуп кетет.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери ай сайын Баткен шаарындагы суунун бактериялогиялык анализдерин алып турушат. Булак-Башы айылынан башка аймактарда суунун сапаты боюнча эч кандай маселе болгон эмес. Бирок жаан жааган учурда шаардыктарды ылай сууну колдонбой турууну эскертишти.
 
Учурда Баткен шаарын 24 саат бою таза суу менен камсыз кылуу үчүн 30 млн евролук долбоордун 1-этабы жүрүп жатат. Шаар толугу менен камсыз болуусу үчүн дагы 2 этап менен, тагыраагы 2030-жылга чейинки убакыт керек. Ага чейин көйгөйлөрдү чечүүгө таза суу ишканасынын материалдык жактан мүмкүнчүлүгү жок.