Жаңылыктар
Аксы районунда сел агызып кеткен 3 жашар наристенин сөөгү табылды
Кырсык
Аксы районунда сел агызып кеткен 3 жашар наристенин сөөгү табылды

Аксы районунун Жолборсту айылында сел агызган 3 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Эске салсак, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Малкалды жайлоосунда сел жүргөн. ӨКМ сел сегиз адамды агызып кеткенин айтып, анын ичинен алтоонун сөөгү табылганын билдирген. Кийинчерээк алар бир үй-бүлө мүчөлөрү экени белгилүү болуп, төрт бала Аксыга жайкы эс алууга барганы маалымдалган.

"3 жашар бөбөктүн сөөгү 14-июль күнү 10:30дар чамасында табылды. Издөө иштерине ӨКМдин 15 куткаруучусу, Аксы райондук РИИБнин 7 кызматкери жана 30дай жергиликтүү тургун тартылган", — деп жазылат билдирмеде.

Азыркы тапта Жаңы-Жол айыл аймагынын тургуну 5 жаштагы баланын сөөгү изделип жатканы кошумчаланды.

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланды. 

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга жардам берүүнү, табыгый кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырган. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарына туура келет.