Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 13-июлда саат 15:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу айылында көлгө 16 жаштагы өспүрүм чөгүп кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталган.
Бүгүн, 14-июль күнү куткаруучулар суудан баланын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.