Жаңылыктар
Дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо алды
Спорт
Дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады. "Биздин Хайит тарыхта алгачкылардан болуп Токио оюндарына парадзюдо боюнча лицензия алды. Ал өлкө намысын коргой турган биринчи көзү азиз спортчу", — деп жазылган маалыматта. Спортчу парадзюдо турниринде 57 килограмм салмакта күч сынашат.Токио Олимпиадасына параспортчулардын ичинен биринчи лицензияны ядро ыргытуу чебери Арстанбек Базаркулов алган.