Жаңылыктар
Курман айтка байланыштуу эс алуу күндөрү
Кыргызстан жаңылыктары
Курман айтка байланыштуу эс алуу күндөрү

19-июлдагы жумуш күнү 24-июлдагы эс алуу күнгө которулат. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун маалымат кызматы кабарлады. Мындай өзгөрүү Курман айттан улам болуп, бир нече күн катары менен эс алууга шарт түзүлөрүн белгиледи.

"Республикада 20-июлда Курман айт белгиленет. Жарандар үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан тартып 20-июлуна чейин эс алышат. Мындай чечим мамлекеттик бюджеттен каржыланган, жумасына беш күн иштеген мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн чыкты", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Жумасына беш күн иштеген жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине 19-июлдагы иш күнүн 24-июлдагы эс алуу күнүнө жылдыруу сунушталган.

Эске салсак, буга чейин дүйшөмбүдө, 19-июлда, Кыргызстанда жумуш күнүн бир саатка кыскартуу боюнча чечим кабыл алынган.