Жаңылыктар
Борбордо жаштар курултайы өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордо жаштар курултайы өтүүдө

 Алгачкы жолу эл аралык деңгээлде өтө турган жаштар курултайы бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ачылды. 

Андан кийинки күндөрү Ысык-Көлдө уланат. Төрт күндүк иш-чара спорт, бизнес, илим жана маданият тармактарындагы миңден ашык жаш лидерлердин башын бириктирет. Уюштуруучулар билдиргендей, курултайдын соңунда жаштардын демилгелерин, сунуштарын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ишке ашыруу боюнча резолюция кабыл алынат. 

Курултайга 18 -  35 жашка чейинки коомду өнүктүрүүгө ынтызар, башкаларга үлгү болуп, Кыргызстанда жана чет жактарда ийгиликтүү иштеп жүргөн жаштар чакырылган. Курултайды жаштардын «Kyrgyz Union» тобу уюштуруп, Жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик, билим берүү жана маданият министрликтери колдоо көрсөткөн.