Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасы: текшерип өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргыз-казак чек арасы: текшерип өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы текшерип өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, 15-июлда саат 08:00го карата кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Тилек» өткөрүү жайында чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте 100 жүк ташуучу унаа турат. 

«Алардын ичинен 30-40ы бош контейнерлерди ташуучу унаалар, калган унаалар эл керектөөчү товарларды жана азык-түлүктү ташышат”,-деп айтылат маалыматта. 

Аталган өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын топтолушу экономикалык ишмердүүлүктүн активдешүүсү жана жүк ташуулардын сезондук көбөйүшү менен байланыштуу. Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталган жок. 

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча учурда кыргыз-казак чек арасында 7 өткөрүү пункту иштеп жатат. Алар: Чүй облусунда “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Кең-Булуң”, “Токмок”, Талас облусунда “Чоң-Капка”, Ысык-Көл облусунда “Каркыра”.

Өкмөттүн 2020-жылдын 17-мартындагы токтомунун талаптарына ылайык, жүк ташуучу унаалар "Ак-Тилек", "Чалдыбар" өткөрүү пункттарында, "Чоң-Капка" жана "Каркыра" пунктарын өтүп жатат.

Бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга “Кең-Булуң” пунктунан өтө алат. Ал эми жүк ташуучу поезддердин өтүүсү "Кайыңды-темир жол" өткөрүү пункту аркылуу жүргүзүлөт.