Азербайжан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
"Учурда тараптар вакцинаны бардык талаптарга ылайык Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Кыргызстанда эмдөө 29-мартта башталган. 11-июлдан бери Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө жүргүзүлүп жатат.