Жаңылыктар
Жыл башынан бери жол куруу иштерине 1,5 миллиард сом коротулду
Экономика
Жыл башынан бери жол куруу иштерине 1,5 миллиард сом коротулду

 Үстүбүздөгү жылдын алты айында жол тармагын каржылоого сарпталган каражат бир жарым миллиард сомдон ашты. Бул туурасында бүгүн транспорт жана жолдор министрлигинин жарым жылдык жыйынтыкты чыгарган отурумунда айтылды. 

 Маалым болгондой быйылкы жол курууга такталган бюджет 1 миллиард 865 млн сомду түзөт. Мындан тышкары капиталдык салымдар 3 жарым миллиардга жетет. Бул каражатка жалпы жонунан 125 чакырымга асфальт төшөө иштери, 180 чакырымга альфальт агып кетпеши үчүн жолго майда таш төгүп бодурлоо жана 3 көпүрөнү куруу каралган. 

Мунун ичинде капиталдык салымдардын эсебинен курулуп жатканы - Баткен облусунун чек арасында жайгашкан жолдорду курулушу, Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка трассаларынын оңдолушу кирет. Аны менен инвестициялык каражаттардын негизинде курулуп жаткан жолдор да активдүү жүрүүдө. Алсак түндүк-түштүк альтернативдүү трассасынын экинчи фазасы май айынан башталган.