Жаңылыктар
Насыя берүү механизмдерин кайрадан карап чыгуу зарыл, - Улукбек Марипов
Кыргызстан жаңылыктары
Насыя берүү механизмдерин кайрадан карап чыгуу зарыл, - Улукбек Марипов

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Айыл банк» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Улан Букабаевди кабыл алды. Пикир алышууда банк секторундагы абал, айыл чарба насыясын берүүнү өнүктүрүү жана 2022-2023-жылдарга карай банктын артыкчылыктуу пландары талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы чакан жана орто бизнес компанияларын, анын ичинде тамчылатып сугаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоорлорду колдоого алуу, байланыш борборлордун ишин күчөтүү жана интернет-банкингди өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. 

«Банктын толук санариптик трансформациясы керек, бул кардарларды сактап калууга гана эмес, алар менен тыгыз кызматташууга жана пикирин так түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген заманбап каналдарды пайдалануу менен банк ишин кеңейтүүгө жардам берет», - деди ал. Улукбек Марипов белгилегендей, жыл сайын мамлекет тараптан «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорун колдоо үчүн республикалык бюджеттен каржы булактары каралат, ал эми аталган насыялык каражаттар ар дайым эле максаттуу жумшала бербейт. 

«Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 9 жылдан бери насыялар берилип келет, бирок агрардык сектордун өнүгүү динамикасы төмөнкү деңгээлде калууда. Насыя берүү механизмдерин кайрадан карап чыгуу зарыл», - деп белгиледи Министрлер кабинетинин Төрагасы.