Жаңылыктар
Курман айтта майрамдык намаз мечиттерде гана окулат
Кыргызстан жаңылыктары
Курман айтта майрамдык намаз мечиттерде гана окулат

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Курман айтта майрамдык намаз мечиттерде гана окуларын билдирди. Ага ылайык, мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша кабыл алынды. 

Кыргызстанда Курман айт 20-июлда белгиленет. Коронавирус пандемиясынан улам быйыл Орозо айтта намазды мечиттерде гана окууга уруксат берилип, борбордук аянтта экинчи жыл катары менен эл чогулган эмес.