Жаңылыктар
Жылдыз Бакашова Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Жылдыз Бакашова Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту

Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту. Жылдыз Бакашова уюмга пандемия кесепеттерин жоюуда көрсөтүп жаткан колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жана калкты эмдөө кампаниясы тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында республикага Кытайдын 1 миллион 250 миң доза вакцинасын жеткирүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасы, медициналык шаймандар жана дары-дармектер, муздаткычтар келиши күтүлүүдө.

Өз кезегинде Кристин Жольм уюм артыкчылыктуу багыттар боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү маселелерин, ошондой эле жакырчылыктын чегинде жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарына мамлекеттик социалдык колдоону жакшыртуу маселелерин талкуулашты. 

Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 400 мектеп тандалып алынып, аларга гигиеналык комплекттер берилерин, 100 мектеп планшет менен камсыздалаарын билдирди.