«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн, «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва - Тамчы - Москва жаңы каттамын салтанаттуу тосуп алды.
Москвадан Airbus A320 учагы менен 79 жүргүнчү учуп келди. Адаттагыдай учакты «триумф аркасы» – суу аркасы менен тосуп алышты.
«Ысык-Көл» аэропортунун башчысы Алмаз Абдрахманов бул каттамдын компания жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундары менен коноктору үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Тамчы аба майданы бүгүнкү күндө жумасына 23 каттамды кабыл алууда. Эл аралык каттамдар Россия, Казакстан жана Өзбекстандан. Ал эми ички каттамдар Ош, Жалал-Абаддан учактарды кабыл алат.