Жаңылыктар
Жалал-Абадда мыйзамсыз көмүскө кумар оюндарынын ишине бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда мыйзамсыз көмүскө кумар оюндарынын ишине бөгөт коюлду

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз көмүскө кумар оюндарынын жайы аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду.

Такталгандай, Кыргызстандын жарандарынын анын ичинде адамдардын тобу компьютердик оюн клубдарынын атын жамынып, мыйзамсыз көмүскө кумар оюн жайларды уюштуруп, кумар оюундарын ойнотуп жаткандыгы аныкталды. 

Аталган мекемеге күн сайын 50гө жакын адам барып турган. 15-июлда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМК кызматкерлери жайдын администраторун жана көрсөтүлгөн мекемеде жүрүү шарттарын билүү үчүн 5 адамдан турган жарандарды жеринен кармады. 

Ошондой эле, аталган жайдын уюштуруучулары Кыргызстандын жарандары экени аныкталды. Тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.