Жаңылыктар
Министрлер Кабинети «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекитти
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинети «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекитти

Кыргыз Республикасынын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо максатында Министрлер Кабинети «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекитти.

Тиешелүү чечимге төрага Улукбек Марипов кол койду. Чечимге ылайык, “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планы бекитилип, аталган программанын катышуучуларын тандоо тартиби аныкталды. 

Белгилей кетсек, минитсрлер кабинетинин «Жеткиликтүү турак-жай 2015–2020» программасынын катышуучуларынын тизмеси «Менин үйүм 2021–2026» турак-жай программасынын катышуучуларынын тизмесине киргизилген.

Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.