Жаңылыктар
Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы кармалды

Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Жазык кодексинин "коррупция" беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. 

Шектүү Эрнист Апилов шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөөчүлөр аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоону улантып жатат.

Эрнист Апилов 2015-жылы январь айында Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматына дайындалган. 2019-жылы ноябрь айында өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.