Жаңылыктар
Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
Кылмыш
Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдиргендей, УКМК тарабынан улантылып жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, Кыргызстанда террористтик актыны ишке ашыруу максатында куралдуу чыр чатактардын аймагынан келген Кыргызстандын жаранынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Кармалган адам Афганистанда эл аралык террористтик уюмдардын биринин курамында согуштук аракеттерге катышып, террористтик даярдыктан өткөндүгү аныкталды.

УКМК өлкө аймагындагы эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу иш-чараларын улантууда.