Жаңылыктар
Германияда катуу суу ташкынынан жабыркагандардын саны өсүүдө
Дүйнө
Германияда катуу суу ташкынынан жабыркагандардын саны өсүүдө

Алардын саны болжол менен 60тан ашты. Кырсыктын кесепетинен өлкөнүн батыш бөлүгүндө жайгашкан - Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц жерлери көп жабыркады. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Рейндин куймалары жана башка майда дарыялар жээктерди каптап, айлана-чөйрөдөгү калктуу конуштарды каптады.

Куткаруучулар Ахрвейлер районундагы Шулд айылынын бир нече ондогон тургундарын издеп жатышат. Ал жерде суунун басымына туруштук бере албай, бир нече үй кулап түшкөн. Селдин жана жер көчкүнүн кесепетинен бир катар калктуу конуштар коопсуз жайга көчүрүлдү.

Кырсык Чехия, Нидерланды, Люксембург, Францияга таасирин тийгизди. Көптөгөн илимпоздор аймакта жаан-чачындын рекорддук көлөмүн глобалдык жылуулук менен байланыштырышат. Келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо керек, бирок бул акыркы 20 жылдагы Европадагы эң каттуу суу ташкыны экени айдан ачык белгилүү болуп калды.