Жаңылыктар
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду иликтеп жатат
Экономика
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду иликтеп жатат

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду өлкөнүн баардык аймактарынан келген инвестициялык долбоорлорду иликтеп жатат. Бүгүн фонддун өкүлдөрү Кара-Балта шаарынын ишкерлери менен жолугушуп, насыялоонун шарттарын түшүндүрүп берди. Алдыда түштүк аймактарда дагы ушундай иш-чараларды өткөрүү пландалууда. 

Буга чейин фонддун өкүлдөрү Токмок, Нарын жана Каракол шаарларында болуп келишкен. Буга Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун насыялоо программасына кызыкдар тараптардын көбөйүшү түрткү. Бүгүнкү жолугушууда да маанилүү суроолор кабыргасынан коюлду. 

Фонд орто жана чакан ишкерчиликти өнүктүрүү багытында атайын жабдууларды сатып алууу үчүн узак мөөнөткө насыяларды бере баштаган. Ал фонддун өнөктөш банктары аркылуу ишке ашууда.