Жаңылыктар
"Талибан" кыймылынын кол салуусунан Афганистанда 13 миллион жаран жумушсуз калды
Дүйнө
"Талибан" кыймылынын кол салуусунан Афганистанда 13 миллион жаран жумушсуз калды

"Талибан" кыймылынын кол салуусунан улам Афганистанда 260 жарандык объект бузулуп, 13 миллион жаран жумушсуз калганы айтылууда. Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы менен Ооган өкмөтүнүн ортосундагы тирешүүдөн 50 миң мамлекеттик кызматкер жумушсуз калып, жалпы 112 долбоор жаңжалдан улам токтоп калган. 

Ошол эле учурда 13 миллиондой жаран жумушсуз калган. Афганистанда бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "Талибан кыймылынын" колуна өткөн. 

Акыркы эки-үч күндө өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Афганистандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" бажы өткөрмө пунктун басып алган.