Жаңылыктар
"Орел и Решка" программасы кайрадан Кыргызстанда
Кыргызстан жаңылыктары
"Орел и Решка" программасы кайрадан Кыргызстанда

Туризм департаменти билдиргендей, 1-июлдан 17-июлга чейин белгилүү программанын командасы менен чогуу иш жүргүзүлдү. Бул ирет өлкөгө саякат "Кыргызстан - бийик тоолордун өлкөсү" деп аталды. 

"Орел и Решка" программасынын командасы Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарында болушту. Андагы тоо туризминин абалы, жаратылыштын кооздугу, элинин меймандостугу, каада-салты, коопсуздук көрсөтүлдү. График боюнча Кыргызстан жөнүндө көрсөтүү ушул жылдын сентябрында эфирге чыгат.