Жаңылыктар
Дагы бир кызматтык үйдүн пайдубалы түптөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Дагы бир кызматтык үйдүн пайдубалы түптөлдү

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине жаңы жылда 45 батирлүү үйдүн ачкычы тапшырылат. Бүгүн дал ушул көп кабаттуу үйдүн пайдубалына капсула салынды. Түрмө кайтарган кызматкерлерге мамлекет тарабынан биринчи жолу турак-жай курулганы жатат. 

Бул желбиреген байрак түрмө кайтарган бөлүктүн туусу. Кесиптик күнү союз убагынан калган эски күжүрмөн байрак жаңыртылды. Шаан-шөкөт коштогон иш-чарада коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров соңку кезде күч түзүмүнө көп көңүл бурулуп жатканын белгиледи. 

Абакта жаткан адамдар өндүргөн азык-түлүктөр менен буюмдардын түрлөрү көргөзмөгө коюлган. Өлкөдөгү күч түзүмдөрүндө керектелчү эмеректердин көбү түрмөлөрдөн даярдалат. Эгер кааласа жай тургундар да кайрылса болот. 

Жалпы 270 батирден турган 5 үй курулат. Ал эми бүгүнкү капсула салынган үй жыл этегине чейин салынып колдонууга берилет.