Жаңылыктар
Үч шаардагы кайталап шайлоонун жыйынтыгы боюнча шайлоо өттү деп эсептелди
Шайлоо 2023
Үч шаардагы кайталап шайлоонун жыйынтыгы боюнча шайлоо өттү деп эсептелди

Үч шаардагы кайталап шайлоонун жыйынтыгы боюнча шайлоо өттү деп эсептелди. 11-июлда добуш берүү укугуна ээ болгон 617 миң жарандын 188 миң 396сы добуш берип, бул шайлоочулардын жалпы санынын 30,51%ын түздү. Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй:
 
  Бишкек шаары боюнча - 104 693 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 24,54%ы.
  Ош шаары боюнча - 66 730 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 43,69%ы.
  Токмок шаары боюнча - 16 973 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 44,55%ы.
 
Бул жолу Бишкек шаардык кеңешине 18, Ош шаарында 8, ал эми Токмок шаардык кеңешине 6 партия ат салышты. Эске салсак, 12-майда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоолорду жокко чыгарган. Ага чейин Ош жана Токмок шаарларында өткөн өнөктүктөрдүн жыйынытыгы жокко чыгарылып, ага шайлоо мыйзамдарынын одоно бузулушу себеп болгон.
 
Жыйынтыгында үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. 21-июнда үгүт өнөктүгү башталып, бирок бул жолу да шайлоо процесстерине байланышкан иш-чаралар мыйзам бузуулар менен коштолду. Партиялар тарабынан добуш сатып алуу, административдик ресурс пайдалануу сыяктуу массалык мыйзам бузуулар орун алгандыктан, Борбордук шайлоо комиссиясы бул ирет дагы одоно мыйзам бузган тараптардын жоопкерчилиги каралаарын билдирди.
 
Маселен, Улуттук коопсуздук кызматы 10-июлда добуш сатып алууга аракет кылган деген айып менен “Эмгек” партиясынын өкүлүн кармаган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Добуш сатып алуу" беренеси менен катталып, иликтөө иштери башталган. Кармалган жаран "Эмгек" партиясынын бир талапкеринин көрсөтмөсүнө ылайык, МТУ-2де шайлоочуларга миң сомдон таратып жаткан. Тинтүү учурунда анын жанынан 10 миң сом жана шайлоочулардын акча алганы тууралуу белгиси коюлган тизме табылган.
 
Ага чейин Ош шаарында добуш сатып алууга шек саналып эки талапкер жана партия өкүлдөрү кармалган. Мыйзам бузуулар үч шаарда тең катталды. Маселен, жарандардан Токмок шаарында шайлоо тартибин бузган 9 арыз берилип, мунун алтоо боюнча тергөө башталган. Бишкек шаарында 5 бузуу катталып, бир иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал эми Ош шаарында катталган 5 бузуу Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына чара көрүү үчүн жиберилген. Жалпылап алганда добуш сатып алуу фактысы боюнча 11 кайрылуу, массалык жеткирүү боюнча 3 факты катталды.
 
Бирок, шайлоонун жалпы жыйынтыгын алсак, кайталап шайлоодо мыйзам бузуулардын азайганын байкасак болот. Маселен, 11-апрелде жана 11-июлдагы шайлоолор арасында административдик ресурс пайдалануу боюнча арыздар 22ден 9га кыскарган. Апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө карата 41 даттануу түшсө, кайталап шайлоодо бир дагы даттануу катталган жок.
 
Бул арада Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Токмок шаарындагы баардык шайлоо тилкелеринде добуштарды кайра саноо боюнча чечим кабыл алды. Добуштарды колго кайра саноо боюнча 2 партиядан арыз түшкөн. Арыз ээлери добуштарды кол менен саноо шайлоо участокторунун баарында жүргүзүлбөгөндүгүн белгилешкен. Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок АШКнын бул чечимин жакынкы күндөрү карайт.
 
11-июлдагы кайталап шайлоого 26 партиядан жалпы 2200дөн ашык талапкер ат салышты. Мыйзамга ылайык, 24-июлга чейин шайлоонун жыйынтыгы чыгат. Боршайком азырынча алдын ала маалыматты жарыялады, эсеп, көрсөткүчтөр добуш саноонун акырына чейин өзгөрүшү мүмкүн.