Жаңылыктар
“Электр станциялары” ишканасы күз-кыш мезгилине даярдык көрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
“Электр станциялары” ишканасы күз-кыш мезгилине даярдык көрүп жатат

“Электр станциялары” ишканасы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында Бишкек жылуулук борборуна көмүр ташый баштады. Аталган ишкананын маалымат кызматы билдиргендей, жекшемби күнү Казакстандан жүктөлгөн 25 вагон келди. Келишим боюнча 643 миң тонна кара алтын 2022-жылдын апрелине чейин жеткирилиши керек. Белгилей кетсек, Бишкек жылуулук борбору өлкөнүн түндүгүндөгү эң ири электр энергиясын иштеп чыгуучу булак. Ушу тапта ЖЭБде от казандарды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.