Жаңылыктар
Бүгүн Сочи шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт
Саясат
Бүгүн Сочи шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкүлдөр Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн бүгүн Россиянын Сочи шаарына барды. 

Өкмөт башчыны Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов жана Кыргызстандын Оруссиядагы элчиси Болот Отунбаев тосуп алды. Жыйында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин кызматташтык маселелери каралат.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118