Президент Садыр Жапаров Германиянын Канцлери Ангела Меркелге жана Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Германиядагы суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.
“Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц федералдык аймактарында суу каптап, анын кесепеттинен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.