Жаңылыктар
Кажы-Сай айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна айылдагы жаштар уюму жардам көрсөттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кажы-Сай айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна айылдагы жаштар уюму жардам көрсөттү

Тоң районунун Кажы-Сай айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна айылдагы жаштар уюму жардам көрсөттү. Быйыл пандемия менен күрөшүү, бейтаптарга тиешелүү деңгээлде шарт түзүп берүү максатында оорукананын эшик-терезелерин толук жаңылап, ички жуунучу жайын калыбына келтиришти. 

Эске салсак, былтыркы пандемиянын оор шартында айылдык жаштар үч кычкылтек концентраторун жана башка медициналык жабдыктарды алып беришкен. Ал эми мектеп окуучуларын, мугалимдерди толук бет кап, антисептик каражаттары менен камсыздашкан. Буга кошумча үй-бүлөлүк борбордун жана мектептин тегерек чети жашылдандырылып, сугат суу үчүн керек болуучу желим челектер орнотулду. Жаштардын белгилөөсүндө мындай социалдык долбоорлор улантыла берет.