Жаңылыктар
Рио-2016: Бүгүн дзюдочу Юрий Краковецкий Кыргызстандын намысын коргойт
Спорт
Рио-2016: Бүгүн дзюдочу Юрий Краковецкий Кыргызстандын намысын коргойт

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан 31-жайкы Олимпиада оюндары уланууда.

Бүгүн кечки саат жетиде дзюдочу Юрий Краковецкий Кыргызстандын намысын коргоп, 100 килограмм салмактан жогоркулар арасында беттешет. 

Бүгүн ошондой эле, жеңил атлетчи Дарья Маслова дагы кечки саат 18:30да, 10 километр аралыкка чуркоо боюнча катышат. Эскерте кетсек, Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барган болчу. Ушул убакытка чейин алардын алтоосу таймашка чыкты, дагы 13 кыргыз спортчубуз бар.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118