Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Россиядагы Кыргызстандын элчилигинде маданий иш-чаралар уланууда.
Бул сапар бөбөктөргө “Адам жана карышкыр” жомогу сахналаштырылган. Жомок биримдик менен жаратмандыкка үндөйт. Иш-чаранын соңунда балдар курут, сары май жана сүмөлөк татышты.