Жаңылыктар
Франсуа Олланд 62 жашка чыкты
Саясат
Франсуа Олланд 62 жашка чыкты

Президен Алмазбек Атамбаев Франциянын президенти Франсуа Олландды туулган күнү менен куттуктады. 





«Кыргыз Республикасында сизди Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы достуктун жана өз ара кызматташтыктын туруктуу жактоочусу катары билишет.

Биргелешкен аракеттер менен биздин өлкөлөрдүн жана элдердин бакубатчылыгы үчүн кыргыз-француз достук мамилелери мындан ары да бекемдей берет деп ишенем”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Франсуа Олландка бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигиндеги ийгиликтерди каалады.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118