Жаңылыктар
Курман айт майрамына даярдык
Кыргызстан жаңылыктары
Курман айт майрамына даярдык

Дүйнө мусулмандары арапаны белгилешүүдө. Бул күн ажылыктын жогорку парзы, дубалар, ибадаттар кабыл боло турган эң улуу күндөрдүн бири. Бирок, баарына эле ажылардын катарында арафатка чыгуу насип кыла бербейт. Ошентсе дагы Курман айттан бир күн мурда, орозо кармоону унутпоо керек. 

Насир Садыков үчүн бул ирет кош майрам. Неберелүү болуп кубанып турган Насир мырза арапага даярдык көрүүнү эстен чыгарбайт. Жыл сайын атайын базарга келип, азык-түлүктү кенен алат.

Тамак-аштын баары дасторконго коюлуп, курман айттын алдындагы арапа күнү белгиленет. Насир Садыковдун үйүндө түшкө жетпей эле боорсок жасалып, жыт чыгарылган.