Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен райондогу Катраң айыл аймагынын Козу-Баглан, Катраң айылдарында, Лейлек айыл аймагынын Лейлек айылында, Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак, Айкөл айылдарында жана Исфана шаары, Голбо, Чымген айылдарында сел жүргөн.
Табигый кырсык аймактардагы турак үйлөрдүн короолорун, ички чарбалык унаа жолдорду, арыктарды жана көпүрөлөрдү бузуп кеткен.
Мындан сырткары, Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылында 25 турак жайдын ичине суу кирип, 20 үйдүн, бир мектеп, бир бала бакча жана бир мечиттин короосун сел каптаган. Жеринде Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМдин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун жана Баткен облустук башкармалыгынын ыкчам топтору иш жүргүзүп жатканы кабарланды.