Бүгүн Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Майрамдык Айт намаз Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулду.
Эске салсак, пандемияга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Курман айт майрамын белгилөө боюнча айрым чектөөлөрдү киргизген.
Адатта айт намаз борбордук эски аянтта окулуп, он миңдеген мусулман чогулчу. Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу айттын негизги жөрөлгөсүн эски аянтта белгилөөгө уруксат берилген жок. Себеби калктын саламаттыгы баарынан маанилүү. Ошентсе да, бир катар киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен өлкөнүн бардык мечиттеринде айт намазы окулду.
Курман айт майрамы - Ислам дининдеги ыйык делген эки күндүн бири. Бул айт Орозо айттан туура 70 күн өткөндөн кийин белгиленип, таң эрте айт намазы окулат. Оору күч алып турганына карабай, айт намазга келген ар бир жаран төмөнкү санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат.